Нарын облустук юстиция башкармалыгы тарабынан конкурс жарыяланып, жеңʏʏчʏлɵр аныкталды

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жɵнʏндɵ” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана А. Орозбековдун 130-жылдыгына карата арналган Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин 8-9-10-11 класстарынын окуучуларынын арасында “Тилим-менин тирегим” жана “А.Орозбеков-130 жыл” темасында эссе жазуу боюнча Нарын облустук юстиция башкармалыгы тарабынан конкурс жарыяланып, жеңʏʏчʏлɵр аныкталды: 1-орун Акунова Алина, 2-орун Акназарова Айназик, 3-орун Фархатова Жаңылмырза ээ болушту. Нарын областык юстициянын начальниги Абдуллаева Гʏлгаакы, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берʏʏ борборунун Нарын областы боюнча координатору Ишенова Асель, Нарын аймактык адвокатурасынын тɵрагасы Асанов Ыдырыс жеңʏʏчʏлɵргɵ баалуу белектерди тапшырып, мугалимдерине ыраазычылык каттарды беришти. Андан соң окуучуларга жаш ɵспʏрʏмдɵрдʏн укуктары жɵнʏндɵ маалыматтарды беришип, видеороликтерди кɵрсɵтʏштʏ.

Даярдаган: Жумакадырова Мɵɵркан

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *