“Зордук зомбулукка каршы 16 кʏндʏк кампаниянын” алкагында тегерек стол болуп ɵттʏ

Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде “Зордук зомбулукка каршы 16 кʏндʏк кампаниянын” алкагында “Гендердик теңсиздикке жана ʏй-бʏлɵдɵгʏ зомбулукка каршы аракеттебиз” аттуу тегерек стол болуп ɵттʏ. Ага мектептин жогорку класстарынын окуучулары, ата-энелер комитеттери, социалдык адистер, райондук билим берʏʏ борборунун адистери жана жаш ɵспʏрʏмдɵр менен иштɵɵ инспектору катышып, жогорку деңгээлде ɵттʏ.

Тегерек столдун жʏрʏшʏндɵ катышуучуларга ʏй-бʏлɵдɵгʏ зордук зомбулук, зомбулуктун тʏрлɵрʏ, КР мыйзамдары жɵнʏндɵ маалыматтар берилип, видеороликтер кɵрсɵтʏлдʏ. Андан соң, катышуучулар ʏй-бʏлɵдɵгʏ зордук зомбулукту алдын алуу боюнча 3 топто талкуулашып, презентация жасашты.

Бул боюнча тегерек столдун уюштуруучусу жана аталган мектептин социалдык педагогу Байсеркеева Эльвира “Тегерек столдун эң негизги максаты ʏй-бʏлɵдɵгʏ зордук зомбулукту алдын алуу, балдарды коргоо, ата-энелердин укуктук сабатын жогорулатуу, ошондой эле ата-энелердин жана балдардын жасаган иш-аракеттерин кɵзɵмɵлдɵɵгɵ ʏйрɵтʏʏ ” – деди.

Даярдаган: Жумакадырова Мɵɵркан

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *