Акталаада айыл тургуну чөөлөрдү капканга түшүрүп алган

Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылынын тургуну Санташ Кадыралиев  короосундагы жыйылган чөбүнөн эки баш чөө кармап алган. Ал буга чейин да мындай жапайы жаныбарга капкан коюп кармап жүргөн. Тирүү кармалаган жыркычтар менен иттерди салбуурунга даярдап  жүргөнү менен каарманыбыз  мергенчиликти кесип кылбайт. Бирок  аларды кармоонун жолдорун мыкты өздөштүргөн.

Өзүнүн айтымында  7-8 күн мурда коңшуларынан тоокторун чөөлөрүн жеп кетип жатканын уккандан кийин чарбагында жыйылган  тоют чөптүн арасына  үч капкан койгон.

“Үйүм айылдын четинде болгондуктан токойго жакын. Чөө оңой менен капканга түшө бербейт, амалкөй жана үшүкчөөл  жаныбар болот.Кыш чилдеде бак-дарактын түбүнө топтолуп алышат да, кичине балдар ыйлагандай чурулдашат. Токойго жакын үйлөрдүн короосундагы чөптөргө корголошот. Ушу экөөнү кошкондо он чөө кармадым.Булар ачка болсо топтошуп алып, жем издешет. Бирок адамдын колунан эч нерсе жебейт” дейт Санташ Кадыралиев.

Капканга түшкөн чөөлөрдүн бирин жубайына жетелетип койсо ага секирген. Бирок капкан  бутунда бардыгынан жете албай калган.

Чөөнүн негизги душманы адам жана карышкыр. Анын саны көбөйүп кетпеши үчүн Аңчылык департаменти мезгил мезгили менен көзөмөлгө алып, жөнгө салып, керектүү сандан ашырбай кармап турат. Аталган департаменттин маалыматына караганда учурда 3500гө жакын чөө бар.

Даярдаган:  Барчын Мамытбекова

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *