Акталаада китеп сүйүүчүлөр сыйланды

Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинин  7-классынын окуучусу  Эржан  Жумабек уулу  «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмесинин демөөрчүлүгү астында велосипед менен сыйланды.

Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагынын директору  Гулжаз Сулайманова:  » Эржан   «Бир адамдан бир китеп»  долбоорунун негизинде келген китептерди даңазалоо максатында уюштурулган «Китеп-билим булагы» аттуу иш-чарага  жигердүү катышкандыгы үчүн  «Алдыңкы окурман» номинациясы ыйгарылды.

Ал эми балдардын билим борборунун эмгек жамааты  «Китеп бизди бириктирет» эстафетасына катышып, китепкананын атайын  сыйлыгына ээ болушту.

Даярдаган:   Наргиза Рысбекова

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *