Акталада «Жыл мыктылары» аныкталды (сүрөт баян)

Ак-Талаа районунда  жыл жыйынтыгына арналган салтанаттуу  жыйын болуп, «Мыкты айыл өкмөтү», «Мыкты мекемеси»  кароо-сынагынын  жеңүүчүлөрү аныкталды.

Жыйынга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Салтанаттын  алгачкы бөлүгүндө Акталаа өнөрпоздорунун Жаңы Жылдык оюн-зоок программасы тартууланды.

Салтанаттын экинчи бөлүгү райондун өнүгүүсүнө салым кошкон айрым тургундарына  «Ак-Талаа районунун ардактуу атуулу» наамын тапшыруу менен башталды.
— Баетов айылынын тургуну Жеңишбек Осмонов;
— Терек айылынын тургуну Кароолбек Тайлаков;
— Жерге-Тал айылынын тургуну Олег Итикулов;
— Баетов айылынын тургуну Асылбүбү Сулайманова;
— Баетов айылынын тургуну Дамира Жусупбекова;
— Баетов айылынын тургуну Жакшылык Суранбаев;
— Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин директору Ажаркүл Тиленбаева;
— Үгүт айылынын тургуну Амангүл Курманалиева;
— Тогуз-Торо районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Үсөнбек Токтокуев;
— Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасынын хирург дарыгери Кубанычбек Жумагулов;
— Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын мурунку башчысы Дастан Күйкеев;
— Афган согушунун ардагери Жаныбек Маметов;
— Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Майрамбек Байшериев,
— Ак-Талаа райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Иса Акматалиев;
— Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Абдылдаев;
— Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча спорт чебери Калмира Билимбекова.

«Акимдин кубогу» спорт мелдешинин жеңүүчүлөрү:

Футбол боюнча

— 1-орун — райондук ички иштер бөлүмү, кубок, акчалай байге жана диплом;
— 2-орун — райондук билим берүү бөлүмү, диплом жана акчалай байге;
— 3-орун — райондук сот, диплом жана акчалай байге.

— «Мыкты дарбазачы» — Аман Калмырзаев, диплом жана акчалай сыйлык;
— «Мыкты коргоочу» — Азамат Тойгонбаев, диплом жана акчалай сыйлык;
— «Мыкты чабуулчу» — Сыргак уулу Эрлан, диплом жана акчалай сыйлык;
— «Мыкты оюнчу» — Акылбек Медеров, диплом жана акчалай сыйлык.

Волейбол боюнча

— 1-орун — Ак-Талаа райондук токой чарбасы, кубок, диплом жана акчалай сыйлык;
— 2-орун — орто мектептердин курама командасы, диплом жана акчалай сыйлык;
— 3-орун — райондук мамлекеттик администрациясынын командасы, диплом жана акчалай сыйлык.

— «Мыкты оюнчу» — Кубанычбек Эсенбай уулу, диплом жана акчалай сыйлык;
— «Мыкты оюнчу» — Бекжан Сагынбеков, диплом жана акчалай сыйлык.

Теннис боюнча

— 1-орун — Чолпонбек Жумадилов, диплом жана акчалай сыйлык;
— 2-орун — Руслан Мусаев, диплом жана акчалай сыйлык;
— 3-орун — Ильич Асылбеков, диплом жана акчалай сыйлык.

Шахмат боюнча

— 1-орун — Нурбек Жолдубаев, диплом жана акчалай сыйлык;
— 2-орун — Таалай Байсеркеев, диплом жана акчалай сыйлык;
— 3-орун — Бактияр Акматбеков, диплом жана акчалай сыйлык.

Андан тышкары Жаңы-Талап айылынын тургуну, машыктыруучу Алмаз Кайыпов Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин ардак грамотасы менен сыйланды.

Ал эми Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын сыйлыгы менен:

— Эр эңиш боюнча балбан Жекшен Турдубеков (ардак грамота);
— Кыргыз күрөш боюнча балбан Нурлан Абышбаев (ыраазычылык кат);
— Бекжан Шаршеналиев (ыраазычылык кат) сыйлынды.

— Электр энергия тармагынын ардагери Замирбек Турдукулов «Ардактуу ардагер» төш белгиси менен сыйланды.

— Жеке ишкер Назгүл Жузуевага Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыгы тапшырылды.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин сыйлыгы:

— Жаңы-Талап айылынын үрөн чарбасынын жетекчиси Акылбек Бексултанов, «Айыл чарбасынын мыктысы» төш белгиси;
— Ак-Талаа райондук айыл чарба техникаларын каттоо кызматынын башчысы Канатбек Жамангулов «Айыл чарбасынын мыктысы» төш белгиси;
— «Султан» дыйкан чарбасынын жетекчиси Жеңишбек Өскөнов, ардак грамота.

Ак-Талаа райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын сыйлыгы:

— Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Абдылдаев, ардак грамота;
— Тоголок Молдо айылынын фермери Бактыбек Саргожоев, ардак грамота.

— «Китеп — билим булагы» сынагынын алкагында көп китеп окугандыгы үчүн Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Жумабек уулу Эржан велосепед менен сыйланды.

— «Китеп бизди бириктирет» эстфетасына активдүү катышкандыгы үчүн райондук балдар билим берүү борборунун эмгек жамааты ардак грамота менен сыйланды.

КРнын Демократиялык аялдар кеңешинин сыйлыгы:

— Уулбүбү Бектемирова, «Калктын кадырман инсаны» төш белгиси;
— Бүбай Бердикулова, «Ардактуу мугалим» төш белгиси;
— Сайрагүл Супабаева, «Мыкты инсан» төш белгиси;
— Гүлмира Султаналиева, «Мыкты инсан» төш белгиси.

Кыргызстан аялдар конгрессинин сыйлыгы:

— Анаркүл Төрөкжоева, «Өрнөктүү эне» төш белгиси;
— Дамира Жусупбекова, «Өрнөктүү эне» төш белгиси.

«Жылдын мыкты айыл өкмөтү»:

— 1-орун — Кош-Дөбө айыл өкмөтү,15 миң сом;
— 2-орун — Үгүт айыл өкмөтү, 10 миң сом;
— 3-орун — Кара-Бүргөн айыл өкмөтү, 5 миң сом менен сыйланды.

Ошондой эле курулуш компания тарабынан Ак-Чий айыл өкмөтүнө батир алууга 50 миң сомдук сертификат берилди.

«Жылдын мыкты мекемеси»:

— 1-орун — райондук билим берүү бөлүмү,15 миң сом;
— 2-орун — райондук суу чарба башкармалыгы, 10 миң сом;
— 3-орун — Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасы, 5 миң сом менен сыйланды.
   

Даярдагандар:   Рысбекова Наргиза, Карыбекова Айдана, Улан кызы Улукбү

 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *