Баетов айылында окуучулар ʏчʏн спорттук иш-чаралар ɵтʏʏдɵ

Учурда баардык билим берʏʏчʏ мектептердин окуучулары ʏчʏн кышкы каникул уланууда. Каникул убагында окуучулар ата-энелерине жардам берʏʏ, китеп окуу, лыжа тебʏʏ менен ɵткɵрʏшсɵ, айрымдары музейлерге, муз аянтчаларына ж.б эс алуучу жайларга  барып активдʏʏ эс алышууда. Ак-Талаарайонунун Баетов айылында окуучулар ʏчʏн кышында эс алуучу жайлар жана шарттар жок болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Билим берʏʏ жана илим министрлигинин буйругунун негизинде Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин окуучулары ʏчʏн ɵспʏрʏмдɵр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча рейддер, жол коопсуздугу боюнча профилактикалык иш-чаралар, спорттук иш-чаралар жана спорттук жʏрʏштɵр ɵтʏʏдɵ. Анын негизги максаты каникул учурунда ɵспʏрʏмдɵр арасында тартип бузууларды болтурбоо, окуучулардын ден-соолугун чыңдоо жана алардын бош убактысын туура пайдалануу.

Даярдаган: Жумакадырова Мɵɵркан

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *